Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Белгороддо балдарды эвакуациялоо башталганы кабарланды


Орусиянын Украина менен чектеш аймагында жайгашкан Белгород шаарына бараткан жолдогу белги. 24-февраль, 2023-жыл.
Орусиянын Украина менен чектеш аймагында жайгашкан Белгород шаарына бараткан жолдогу белги. 24-февраль, 2023-жыл.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, 31-майга караган түнү Шебекино шаары аткыланып, төрт киши жабыркады.

"Турак жайлар жабыркады, транспорт өрттөндү", - деп жазды Гладков 31-майда Телеграмга.

Ал Шебекин жана Грайворон райондорунан балдар коопсуз аймактарга чыгарылып кетерин кошумчалады. Алгачкы 300 бала Воронеж шаарына жөнөтүлөрү маалым болду.

30-майда аймакты аткылоодо бир киши мерт болгону кабарланды. Гладков качкындар баш калкалаган жайдын аткыланышын украин куралдуу күчтөрүнөн көрдү.

Украина тарап бул боюнча эч кандай комментарий берген жок.

30-майда Москвага бир нече дрон менен чабуул жасалганы кабарланган. Алардын үчөө эл жашаган турак жайга тийип, калганы атып түшүрүлгөнү айтылган. Орусиянын президенти Владимир Путин бул үчүн Киевди айыптап, муну "терроризм" деп атады.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Москвага урулган соккуга Киевдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG