Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Кытай элчиси Ду Дэвен Жапаровдун сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди


Ду Дэвен
Ду Дэвен

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен 31-майда “Биринчи радиого” маек куруп, кыргыз президентинин Бээжинге болгон сапарынын жыйынтыктары тууралуу суроолорго жооп берди. Ал Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон саясий декларацияны жогору баалап, бул эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык деңгээлге чыкканын айгинелей турганын айтты.

“Кытай менен Кыргызстандын ортосунда достукту жана ынак коңшулук мамилени чыңдоого тоскоол боло турган көйгөй жок. Жаңы этаптагы кытай-кыргыз мамилелерин жогору баалап, эки өлкөнүн коопсуздукту, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыздоодогу жалпы кызыкчылыктардын жана ошондой эле эки элдин “бир тагдырга” ээ коомчулук курууга умтулуусунун негизинде эки тарап жаңы доордо терең стратегиялык өнөктөштүк орнотуу чечимин кабыл алышты”, – деди элчи.

Ду Дэвендин белгилешинче, бул тараптар негизги кызыкчылыктар туура келген маселелерде бири-бирин колдой турганын түшүндүрөт.

Кытай элчиси "Кытай – Борбор Азия" саммитинин жыйынтыктарына да кайрылып, ал жыйын эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурганын билдирди. Саммитте алты өлкөнүн лидерлери “Сиань декларациясын” жана башка түрдүү тармактарды камтыган 100дөн ашык документтерге кол коюшкан. Дэвен бул келишимдер Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгында жаңы перспектива ачканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары 18-20-майда болду. Ал Сианда “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышып, мамлекеттик жетекчилер, бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Чөлкөмдөгү калган төрт өлкөнүн лидерлери деле саммитке катышкандан сырткары ири инвесторлор менен кездешкен.

Кыргызстандын Президенттик администрациясынын маалымдагандай, сапарда 26 документке кол коюлду. Анын алкагында алгач Кытай тарап Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант бере турганы маалымдалды. Кийин президенттик администрация кенен билдирүү таратып, коюлган келишимдер жалпы 1 миллиард долларлык сумманы камтый турганын кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG