Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Кемпир-Абад иши: Айыпталып жаткандардын адвокаттары кайрылуу жасашты


"Кемпир-Абад иши" боюнча камакка алынгандардын адвокаттары. Бишкек, Кыргызстан. 31-май, 2023-жыл.
"Кемпир-Абад иши" боюнча камакка алынгандардын адвокаттары. Бишкек, Кыргызстан. 31-май, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын адвокаттары 31-майда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Биргелешкен маалымат жыйында алар кылмыш иши козголгондон бери айыпталуучулардын конституциялык укуктары жана адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги эрежелери бузулуп жатканын айтышты.

Иш боюнча сот чечими чыга электигин эскертип, шек саналып жаткандарды “кылмышкер” деп атоодон карманууга чакырышты. Адвокаттардын бири Канат Хасанов президент Садыр Жапаровдун айыпталгандардын дарегине карата айткан сөзүн сынга алды:

“Биздин Конституцияда, Кылмыш-жаза кодексинде “күнөөсүздүк презумпциясы” деген түшүнүк так белгиленген. Бул нерсени көзөмөл органы болобу, премьер-министрби, же президентпи, эч бир киши башка адамды кылмышкер деп атай албайт. Биздин президент, башкы прокурор муну билип туруп, кеп кылып жатышат. Президент Ленин округундагы талапкерлер менен жолугушууда муну “кылмыш” деп, кармалгандарды “кылмышкерлер” деп атап кетти. Соттун чечими жок болгондон кийин аларды кылмышкер деп атаганга эч кимдин укугу жок” – деди Хасанов.

Маалымат жыйынга адвокаттар Акынбек Ногоев, Асел Аргымбаева, Кантемир Турдалиев, Алия Сагитова, Жаныш Бараков жана Рабига Садыкова да катышып, биргелешкен кайрылуу жасашты.

Анда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жана Башкы прокуратура адвокаттардын мыйзамдуу укуктарын чектебеши керектигин өтүнүштү.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар тууралуу пикирин бир нече жолу билдирген. 12-майда Бишкектеги Ленин округунан парламентке талапкерлер менен кездешкенде бул ишке байланышкан суроого мындай жооп кайтарган:

“Кылмыш кылганы үчүн камалып жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камап койгон жок. Төңкөрүш кылам деп атат, акча таратып жатат. Өлкөдө мыйзам, тартип болуш керек", – деп айткан.

Кемпир-Абад ишинен улам кармалгандарга алгач “массалык башаламандык уюштуруу” деген берене коюлган. Жакында эле Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы белгилүү болгон. Бул берене менен айыпталгандарга үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG