Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Парламентте блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында айрым депутаттар өлкөдө блогерлердин иштөө тартибин аныктаган мыйзам керек экенин билдиришти. Алар соңку учурларда айрым блогерлердин аракети аша чаап жатканын айтышты.

“Блогерлер журналисттер сыяктуу эле бир тартипте мамлекеттик органдарга жана жеке ишкерлерге кайрылганда, этика менен кайрылышы керек. Ошонун негизинде элге маалыматын бериши керек”, - деди депутат Балбак Түлөбаев.

Ал айрым блогерлер "мамлекеттик ишканаларга түз кирип барып, андан контент даярдап жатат" деп сындады. Бир катар депутаттар блогерлер менен журналисттердин айрымасын так жазуу керек деген маселе көтөрүштү.

Президенттин администрациясы даярдаган "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунда 5 миң катталуучусу бар социалдык тармактын колдонуучусуна кошумча талаптар коюлары жазылган. Ал жобо медиа коомчулуктун сынынан кийин алынган.

Ютубда Ыдырыс Исаков, Улукбек Карыбек уулу, Умар Даданов сыяктуу блогерлердин ар кандай темаларда жасаган видеолору коомчулукта дайыма талкуу жаратууда. Соңку учурда бир нече блогерлер суракка чакырылып, кылмыш иши козголуп, камалып чыккан, азыр абакта жаткандар дагы бар.

Кыргызстанда блогерлер жөнүндө мыйзам жок. Блогер - интернеттеги социалдык тармактарда ар кандай контент жараткан адам. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG