Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

УКМК: парламентке талапкер Сариев добуш сатып алууга шек саналууда


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шек саналып жатканын кабарлады.

“Атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер “С.У.А.” жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (“Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу”) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Чогултулган материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

Азырынча талапкер Улан Сариев атайын кызматтын айыптоосу боюнча пикирин билдире элек.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандар кармалган. Аталган эки жаран №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан 29-май күнү кечинде кармалышкан. Ниязалиева добуш сатып алуу боюнча айыптарды четке каккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG