Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Июнь окуясы: Жалал-Абадда милициянын өлүмүнө шек саналып эки киши кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылы Июнь окуясындагы милиция кызматкерин өлтүрүүгө шек саналып Сузактын 39 жана 46 жаштагы эки тургуну кармалганын билдирди.

“Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык башаламандыкка активдүү катышканы, Ички иштер министрлигинин подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышканы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын тек-жайы аныкталбай калган”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда шектүүлөр УКМКнын Жалал-Абад облусундагы тергөө абагына камалды. Азырынча кармалгандардын жакындарынан жана алардын жактоочуларынан пикир алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Атайын кызмат Июнь окуясынын уюштуруучуларын аныктоо улантыларын жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2021-жылы Июнь коогасына байланыштуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Кылмыш иши кооганы уюштургандардын бири делген, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралган. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да бул иштин алкагында күбө катары сурак берген.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камакта отурушат.

Андан тышкары 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, 13 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG