Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Депутат Орусия куруп бере турган мектептердеги тил маселесин көтөрдү


Орусия Кыргызстанга куруп берүүчү орус тилинде билим берүүчү мектептин долбоору
Орусия Кыргызстанга куруп берүүчү орус тилинде билим берүүчү мектептин долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Орусия куруп бере турган орус тилдүү мектептердеги кыргыз тил маселесин көтөрдү. Ал долбоорду колдой турганын, бирок тил маселесин дыкат ойлонуп чечим чыгарууга чакырды.

“Келечекте маселе жаралбашы үчүн кандай шарт киргизип жатасыңар? Мектеп куруп берем десе эле “ураалап” кетип калбашыбыз керек. Кыргыз тилин дагы унутпашыңар керек. Ошол маселени кандай чечип жатасыңар”, - деп суроо салды.

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков учурда “Кыргыз тили", "Кыргыз адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Манас таануу” сабагын киргизүү сунушталып жатканын, окуу программасын эки өлкө сүйлөшүп чечим чыгарарын билдирди.

Депутат Камила Талиева эки өлкөнүн эмес, бир гана мамлекеттин билим берүү программасы киргизилиши керек деген пикирин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында Орусия Кыргызстанга орус тилинде билим берген тогуз мектеп куруп берүү боюнча макулдашуу үч окууда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү - Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алышат. Орус тилдүү мектептер Бишкек, Ош шаарында жана бардык аймактарда салынат. Алгачкы мектептердин курулушу Бишкек, Каракол, Баткен шаарында башталат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG