Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Казак парламенти Орусиядан мыйзамсыз ташылган буудай маселесин көтөрдү


Казакстан парламентинин сенатында Орусиядан «жасалма документтер» менен буудай мыйзамсыз алынып келгени айтылды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады. Басылма депутат Андрей Лукиндин “тиешелүү документсиз жана салык төлөбөстөн” буудай алып кирүүнүн схемасы калыптанганы тууралуу айтканын жазды. Сенатор арпа-буудайды Казакстандыкы деп экспортоо менен орусиялык жана жергиликтүү ишкерлер жеңилдетилген салык схемаларын пайдаланарын белгиледи.

Палатанын пленардык жыйынында депутат Орусияга салынган сакнцияларды эске алганда, “жалган импорт жана реэкспорт эселеп өсөт" деп күтөрүн ортого салды.

Анын маалыматына ылайык, 2019-жылдан азыркыга чейин Тундүк Казакстан облусуна жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүкү деген документтер менен 450 миң тоннадан ашуун буудай алынып келген.

Андан ары тиешелүү каттоодон өткөрүп Өзбекстан, Ооганстан жана Тажикстанга Казакстандын продукциясы деп экпорттолчу. Салык төлөбөөдөн мамлекетке 660 миллион тенге чыгым келтирилгени айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG