Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Билим берүү министри мектептерде акча чогултууга тыюу салды


Президент Садыр Жапаров жана билим берүү министри Каныбек Иманалиев Бишкектеги мектептердин биринде сабакка катышып жатышат. Иллюстрациялык сүрөт.
Президент Садыр Жапаров жана билим берүү министри Каныбек Иманалиев Бишкектеги мектептердин биринде сабакка катышып жатышат. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 1-июнда “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.

Буйрук президенттин жарлыгынын алкагында чыгарылган. Анда 1-11-класстардын окуучуларынын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын алдында коомдук фонддорду жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынды. Муну аткарбаган жана окуучуларга, ата-энелерге моралдык-психологиялык басым көрсөткөн мугалимдер иштен бошотулат.

Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка 26-майда кол коюп, тиешелүү министрликтерди жана органдарды анын алкагында иш алып барууну буюрган.

Жарлыкта мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленет. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилет.

Мектептердеги акча чогултууларга байланыштуу даттануулар Кыргызстанда жыл сайын катталып келет. Айрыкча шаарлардагы жана шаарга жакын жайгашкан мектептерге байланыштуу арыздануулар көп болот. Буга байланыштуу мурдагы бийликтердин тушунда да президенттин, өкмөттүн жана Билим берүү жана илим министрлигинин деңгээлинде тыюу салуу аракеттери болгон, андан майнап чыккан эмес.

Ушул тапта Бишкекте дээрлик ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Ал фонддон акча мугалимдин айлыгына кошумчага, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнүп турат. Фонддун акчасы боюнча ачыктык жоктугун айткан ата-энелер бир жылдары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен. Ал эми кээ бир мекемелердин кызматкерлери жумушу оор экенин, мамлекет төлөгөн айлык аз болгондуктан ата-энелер фондунун кошумча маянасы үчүн гана иштеп жүргөнүн билдиришкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG