Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Зеленский союздаштары Киевге согуштук учактарды берүүнү колдогонун айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский Молдовадагы саммитте союздаш өлкөлөр Орусиянын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн Киевди согуштук учактар менен камсыздоо маселесин колдогонун билдирди.

Reuters маалымдагандай, Зеленский бул жөнүндө Кишиневде 40тан ашуун европалык лидерлер чогулган саммиттен кийинки басма сөз жыйынында айтты. Украин бийлиги көптөн бери Батыштан согуштук учактарды алууну көздөп келет.

Молдованын президенти Майя Санду мындай жогорку деңгээлдеги жолугушууну Украинадан жыйырма чакырымдай алыс жайгашкан Молдовада өткөрүүнү символикалуу чечим деп атады.

Санду Молдова Орусиянын баскынчылыгына туруштук берип, коңшуларын коргоп жаткан Украинага ыраазы экенин айтты.

Украин лидери Санду менен сүйлөшкөндөн кийин журналисттерге коопсуздук кепилдиги азыр Украина үчүн гана эмес, коңшу Молдова үчүн да абдан маанилүү экенин белгиледи.

Саммитте Владимир Зеленский 2023-жыл чечимдердин жылы экенин баса белгилеп, июлда Вильнюста өтүүчү НАТОнун саммитинде "Украинаны мүчөлүккө чакырууга", ошондой эле коопсуздук кепилдигин берүүгө үндөдү.

Ошол эле учурда Зеленский Евробиримдикке кошулуу маселесинде жылыш көргүсү келерин белгиледи. Киев өткөн жылы Орусиянын агрессиясынан кийин уюмга кирүүгө арыз жазган.

1-июнда Молдованын борборунда Европанын саясий жамаатынын саммити өттү. Былтыр күзүндө Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен түзүлгөн Европанын саясий жамааты деген формат 44 өлкөнү бириктирет жана Евробиримдик менен ага кирбеген мамлекеттер ортосунда кызматташууну жакшыртууну максат кылат. Европадан ал уюмга Орусия менен Беларус гана кирбейт. Бул – анын экинчи саммити.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG