Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Евробиримдик Түштүк Кореяны Украинага жардам берүүгө чакырды


Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл.

3-июнда Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл Түштүк Кореянын коргоо министри менен жолугуп, Украинанын ок- дарыга муктаждыгын талкуулады.

Жозеп Боррелл Азиянын коопсуздугу талкууланып жаткан Сингапурдагы саммитке катышып жатат. АКШ баштаган НАТОго мүчө мамлекеттер менен Түштүк Корея Орусиянын кол салуусунан коргонуп жаткан Украинага курал-жарак, ок-дары жиберүүнү сүйлөштү.

"Түштүк Кореянын коргоо министри Ли Чжон Соп менен жолугушуу майнаптуу өттү. Биз аны менен Украинанын ок-дарыга болгон муктаждыгын талкуулап, Түндүк Кореянын провокацияларынын уланып жатканына тынчсыздандык", -деп жазды Твиттерге Жозеп Боррелл.

Түштүк Корея Кошмо Штаттардын союздашы экендигине карабай Украинага ок-дары жибрүүнү кечеңдетип келатат, анткени ал Түндүк Кореяга таасири күч расмий Москва менен мамилесин биротоло салкындатып алууну каалабастыгы билинген.

Коопсуздук боюнча "Шангри-Ла диалогу" деп аталган эл аралык форум 2-4-июнь күндөрү Сингапурда өтүүдө. Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту уюштурган саммитке АКШ, Кытай, Улуу Британия, Австралия жана Жапония баштаган 40тан ашуун мамлекеттеринин коргоо министрликтеринин өкүлдөрү, министрлер катышууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-июнда Wall Street Journal (АКШ) басылмасына интервью берип, Украинанын куралдуу күчтөрү контрчабуулга көптөн бери даярданып келатканын билдирген. Бирок, ал чабуул качан башталарын айтуудан баш тартты.

Зеленский Украина америкалык "Патриот" ракетадан коргонуу системаларына көбүрөөк муктаж экенин айтып, Орусиянын абада артыкчылыгы бар экенин белгилеген.

Ошол эле учурда ал өз куралдуу күчтөрүнө ишенерин билдирип, ага карабай дүйнө коомчулугун дагы бир жолу анын өлкөсүнө жардам берүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG