Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Пригожин Рамзан Кадыров менен "Вагнердин" жаңжалына Путин кийлигишип жатканын билдирди


Солдон оңго карай: Адам Делимханов, Рамзан Кадыров жана Евгений Пригожин.
Солдон оңго карай: Адам Делимханов, Рамзан Кадыров жана Евгений Пригожин.

Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниянын башчысы Евгений Пригожин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун айланасындагы адамдардын жаңжалы президент Владимир Путиндин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Бул тууралуу Пригожиндин өзүнүн комментарийинде айтылат. Тийиштүү маалыматты 3-июнда анын басма сөз кызматы Телеграм канал аркылуу таратты.

1-июнда Рамзан Кадыровдун жакын тууганы, Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов, Чеченстандын парламент төрагасы Магомед Даудов жана "Ахмат" атайын күчтөрүнүн командири Апти Алаудинов Евгений Пригожин тууралуу пикирин айтышкан.

Алар согуш талаасындагы көп жоготуулары үчүн, ошондой эле чиновниктерди сындай бергени үчүн Пригожиндин өзүн сындашкан. Адам Делимханов ЧВКнын башчысына "бир убакыт жана жерди" белгилөөнү сунуштап, ал жерде "ага түшүнүксүз нерселерди түшүндүрүүгө" даярдыгын белгилеген. Магомед Даудов болсо Пригожинди "жеке жолугушууга", ал жерде "жигитче сүйлөшүүгө" чакырган.

Ошол эле күнү "Вагнердин" кол башчысы Дмитрий Уткин билдирүү жасап, "эркектер менен эркекче сүйлөшүүгө" даяр экенин айтты. Ал Делимхановду жана Даудовду "Чеченстандагы биринчи жана экинчи согуштан бери" тааный турганын билдирген (кыязы алар сепаратисттер тарапта согушкан болушу ыктымал).

Пригожиндин өзү 1-июндун кечинде билдирүү жасады. Ал Рамзан Кадыров телефон чалып, "жаңжалды басууну макулдашканын" жарыялады. Ал Владимир Путин жаңжалга кийлигишип, кийлигишпегенин ачыктаган жок, болгону Делимханов менен Даудовдун сөздөрүнө комментарий бербестигин, анткени "менин кандай гана жообум болбосун ал улут аралык кастыкты козутуу катары чечмелениши мүмкүн" деп белгиледи.

Пригожиндин пикири боюнча Кадыровдор менен жаңжал "эмне кылып жатканын түшүнбөй", "кооптуу оюндарды ойноп", "орус мамлекетин талкалап" жаткан "Кремлдин мунараларынын бири" тарабынан тутанган. Ал Кадыровдор менен "эсептешүүсү" кан төгүүгө алып келиши мүмкүн, бирок барып-келип "жеңүүчү аныкталып калмак" деди.

"Вагнердин" башчысы Кадыровдун тегерегиндегилер ага укук коргоо органдарындагы кылмыштар боюнча жазган катын жогорку аскер жетекчилигине жибергенден кийин асыла баштаганын билдирди.

Владимир Пригожин коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду сынга алуусун уланта берерин айтууда, аларды ал "орус жерин душманга өткөрүп берди" деп айыптоодо.

Кремл бул кырдаал боюнча комментарий бере элек. Владимир Путин 2-июнда Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Бирок, "Вагнер" менен Чеченстандын жетекчилигинин тиреши талкууланганы же талкууланбаганы ачыкталган жок.

Кремлдин сайтындагы стенограммага ылайык, Путин "Орусия Федерациясындагы ички кырдаалды олку-солку кылууга" багытталышы мүмкүн болгон "улуттар аралык мамилелерди" талкуулоону сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG