Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Британ тышкы иштер министринин орун басары Бишкекке расмий сапар менен келди


Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти.
Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти.

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти Борбор Азиядагы сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Британ элчилигинен билдиришти.

Бул Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражадагы кызматкеринин 2016-жылдан берки биринчи жолку сапары.

"Максат - ансыз деле бекем болгон эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жаатында кызматташууну кеңейтүү," - деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.

Лео Докерти Бишкекте Министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу мамилени, кызматташтыкты талкуулайт. Мындан тышкары БорборАзиядагы коопсуздук, Ооганстандагы абал, соода-экономикалык байланыштар, ошондой эле, Улуу Британияга боло турган иш сапарлары тууралуу сөз болот.

Бишкектен кийин Лео Докерти Казакстанга, Өзбекстанга барары кабарланды. Ал Европа жана Борбор Азия иштери боюнча министрдин орун басары кызматын 2022-жылдын сентябрь айынан бери аркалап келет. Бул анын Борбор Азияга алгачкы сапары.

Лео Докертинин сапарында кыргыз бийлиги менен Европа Биримдиги, андан тышкары бул уюмдан чыгып кеткен Улуу Британия тарабынан экинчи деңгээлдеги санкциялар тууралуу маселе талкууланары же талкууланбасы белгисиз.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид өткөн айда Бишкекке келип, ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстанды Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен.

Улуу Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 19-майда Бишкекте журналисттер менен жолукканда Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырып жатканын билдиришкен болчу.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атада 2-3-июнда өткөн "Европа Биримдиги -Борбордук Азия" саммитинен кийинки маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна "Европа Биримдиги Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып жатканын" билдирген:

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Биз учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинесин колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, - деди Шарль Мишел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG