Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Кара-Балтадагы өрт толук өчүрүлдү


"Голден Магнат" ишканасынын кампаcын өрт каптаган учур. 2023-жылдын 4-июнуна оогон маал.
"Голден Магнат" ишканасынын кампаcын өрт каптаган учур. 2023-жылдын 4-июнуна оогон маал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында жайгашкан "Голден Магнат" ишканасында чыккан өрт 4-июнда түнкү саат 02:00де толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоо 3-июнда түнкү саат 22:16лар чамасында төрт кабаттуу имараттын 1-2-кабатындагы кампада чыккан. Кампа Кара-Балта ремонттук-механика заводуна таандык экени айтылууда.

Өрттөн кампанын болжол менен 250 чарчы метри күйүп кеткен.

Ишкананын маалыматына ылайык, анын ичинде 300 килограмм аммиак селитрасы жана бир тонна сода болгон.

Өрттөн эч ким жабыр тарткан жок.

ӨКМ билдиргендей, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.

31 адам куткарылып, 52 млрд. сомдук мүлк сакталып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG