Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Ысык-Көлдө чек арачыларга жаңы пансионат ачылды


Президент Садыр Жапаров жаңы пансионат ачуу маалында. 2023-жылдын 4-июну.
Президент Садыр Жапаров жаңы пансионат ачуу маалында. 2023-жылдын 4-июну.

Бүгүн, 4-июнда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы пансионаты ачылды. Ага президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев катышты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жылы каралбай калган "Дельфин+" пансионатынын аймагы Чек ара кызматына бөлүнүп берилген. Курулуш иштери 2022-жылдын декабрынан тартып жүргүзүлгөн.

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан үй-бүлөлөрү менен келип, эс алышат.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы чек арачылар күнү-түнү, суукта, ысыкта коопсуздукту сактап жатканын белгилеген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын курамында.

Кыргызстан буга чейин Кытай, Казакстан менен чек арасын тактаган. Быйыл Өзбекстан менен чек арасын тактап бүттү. Ал эми дагы бир коңшусу Тажикстан менен чек арасын тактоо жумушун жүргүзүүдө. Чек ара такталбагандыктан, суу, жер, жайыт, жол талаштан улам чыр-чатактар көп катталып келет.

2-июнда президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Атада жолугуп, чек араны тактоо иштерин талкуулады. Эки мамлекеттин чек арасы 972 чакырым, Тажикстандын версиясы боюнча анын 626 чакырымдык долбоордук сызыгынын 102 чакырымы соңку 1,5 жылда макулдашылды. Эки мамлекеттин президенттери былтыр 17-апрелде 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

XS
SM
MD
LG