Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстанга барат


Сергей Лавров
Сергей Лавров

5-6-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстанга расмий сапар менен барат. Орус дипломаты бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана президенит Эмомали Рахмон менен жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Дүйшөмбү Орусиянын тышкы иштер министри өлкөгө эки күндүк сапар менен келерин тастыктады, башка кеңири маалымат берген жок.

Сергей Лавровдун Тажикстанга сапары Орусияда соңку эки аптадан бери полиция рейддерди жүргүзүп, Тажикстандын жарандарын кармап жаткан учурга туш келди. Күч органдары мигранттар жашаган жерлерге түнү же таң эрте келип, элди ойготуп, документтерин текшерип, суроо бере баштагандарды сабап, камап жатканын маалымат каражаттары жазууда.

Мындай рейддер Москва жана Санкт-Петербургдан тышкары, башка аймактарда да болду.

Тажиктерге каршы кампания Лавровдун Тажикстанга сапары учурунда талкууланабы же жокпу айтыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG