Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

“Махмуд Кашгари Барскоонинин дүйнөлүк илимдеги орду” конференциясы өттү


Махмуд Кашгари Барскоони.
Махмуд Кашгари Барскоони.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен “Махмуд Кашгари Барскоонинин дүйнөлүк илимдеги орду” эл аралык илимий-конференциясы өттү. Бул тууралуу 5-июнда аталган эл аралык уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.

Конференцияга бир нече өлкөдөн белгилүү окумуштуулар, илимпоздор, “Түрк дүйнөсүнүн шаарлар биримдиги”, “Түрк академиясы”, “Түрк маданияты жана мурасы” уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Раевдин айтымында, жыйынтыгында бир нече чечим кабыл алынды.

Алардын негизгиси – бардык илимий эмгектерде, жыйындарда, макалаларда Махмуд Кашгаринин туулуп-өскөн жерине урмат катары Махмуд Кашгари Барскоони деп толук атынан атоо.

Мындан тышкары, Барскоон айылынын тушуна анын айкелин жана “Барскоон–дүйнөнүн борбору” деген картасын узундугу алты, ал эми туурасы төрт метрлик кылып орнотуу, айылга музейин куруу, 2024-жылы ЮНЕСКО уюмунун алкагында эл аралык симпозиум өткөрүүнүн уюштуруу иштери, окумуштуунун бирдиктүү, бекитилген сүрөтүн (белгиялык кыргыз сүрөтчү Ибрагим Бакиров тарткан) пайдалануу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Карахандар доорундагы чыгаан ойчулдардын бири – энциклопедист окумуштуу Махмуд Кашгари Барскоони 1029-1038-жылдардын аралыгында Ысык-Көлдөгү Барскоон бектигинин бегинин үй-бүлөсүндө туулгандыгын алгач украин чыгыш таануучусу Омелян Прицак жазып чыккан. Ал көрүнүктүү “Дивани лугати ат-түрк” эмгегин жазган, дүйнөлүк аренада алгачкы карта катары таанылган “Барскоон–дүйнөнүн борбору” картасын жараткан.

ЮНЕСКО уюму 2024-жылды байыркы түрк филологиясынын асыл бермети жана ХI кылымдын шедеври катары таанылган “Дивани лугати ат-түрктүн” 950 жылдыгы деп жарыялаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG