Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Орусияда "Мистер Сидр" ичимдигине ууланып каза болгондор 25ке жетти


Самара.
Самара.

Орусиянын аймактарында "Мистер Сидр" алкоголдук ичимдигине ууланып өлгөндөрдүн саны 25ке жетти. 50дөн ашуун адамдын абалы оор, алардын айрымдары реанимацияда.

Каза болгондордун 18и Ульянов облусунан, төртөө Самара облусунан, экөө Нижегород облусунан.

Аймактарда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөөнүн версиясына караганда, уулангандардын баары алмадан ачытылып жасалган "Мистер Сидр" алкоголдук ичимдигин ичишкен. Нижегород облусунда ичимдиктен зыяндуу этиленгликоль заты аныкталганы расмий кабарланды.

Ростопотребнадзор өлкө боюнча продукцияны сатыктан алды.

Аймактарга сидрди жеткирүү менен алектенген 32 жаштагы Анар Гусейнов кармалды.

Орусияда арзан алкоголдук ичимдиктерге ууланып өлгөн учурлар жыл сайын катталат. 2016-жылы "Боярышник" лосьонуна ууланып 70тен көп киши каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG