Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Кахов ГЭСиндеги жардыруу: ДССУ суу каптаган аймакка жардам жеткирди


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруунун айынан суу алдында калган аймакка жардам жеткирди. Уюмдун баш катчысы Тедрос Гебрейесус Днепр дарыясынын ташышы бул райондун суу менен камсыздоо системасына, санитария жана саламаттык сактоо тармагына терс таасиринин тийгизерин эскертти.

Reuters агенттиги ДССУнун адистери кырсык болгон аймакта холераны козгоочу бактериаларды тапканын жазды. Уюмдун өкүлү Терезе Закария эгер окуя терс жагынан өнүгүп кетсе керектүү вакциналар чукул жеткирилерин маалымдады.

Анын алдында Киев суу каптаган аймакта жашагандарды коопсуз жайга көчүрүү маалында орус армиясынын аткылоосунан кеминде бир адам мерт болуп, дагы тогузу жараат алганын билдирген

Херсон облусунун Орусия дайындалган башчысы Володимир Салдонун айтымында, Голая Пристань шаарынан жайкын тургундарын эвакуациялоо пункту аткыланганда эки адам окко учуп, экөө жарадар болгон. Ал кол салуу үчүн Украинаны айыптады. Киев буга комментарий бере элек.

Ушул эле күну Херсонго украин президенти Владимир Зеленский барып, оперативдүү кырдаал, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Херсондун Москва көзөмөлдөгөн аймагына баруу планы жок экенин билдирген.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылган. Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украин бийлиги дамбанын бузулушун иликтөө өтүнүчү менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды.

Орусия ачкан согушта Украинаны колдогон Батыштын көптөгөн лидерлери ГЭСтин кыйраганына Москваны күнөөлөштү.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен БУУнун Киевдеги координатору Денис Браун Орусия коопсуздукка кепилдик берген шартта Улуттар Уюму Днепрдин сол жээгиндеги оккупацияланган аймактарда гуманитардык жардам көрсөтүү жана адамдарды эвакуациялоо үчүн топторду түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Орусия тарап комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG