Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Суу каптоодон улам Херсон облусунан төрт миңдей адам эвакуация болду


Херсон облусу.
Херсон облусу.

Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан кийин Украинанын Херсон облусунун суу алдында калган аймактарынан төрт миңдей адам эвакуация болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 11-июндун кечинде жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ондогон шаарлар менен айыл-кыштыктарды дагы деле суу каптап жатат. Ал Херсон облусунун убактылуу оккупацияланган бөлүгүндө орус армиясынын аткылоосуна кабылган украиналыктарды коопсуз жайга чыгарууга ыктыярчылар жардам берип жатканын айтты.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлаган.

Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирүүдө.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылган. Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украин бийлиги дамбанын бузулушун иликтөө өтүнүчү менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды. Орусия ачкан согушта Украинаны колдогон Батыштын көптөгөн лидерлери ГЭСтин кыйраганына Москваны күнөөлөштү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG