Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Ажылык: кыргызстандыктардын алгачкы тобу Мадинага учуп кетти


Ажылык сапарга жөнөгөн кыргызстандыктар. 12-июнь, 2023.
Ажылык сапарга жөнөгөн кыргызстандыктар. 12-июнь, 2023.

Бүгүн, 12-июнда ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу Бишкектен Мадина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев ажыларды узатуу учурунда алардан ыйык жайда эл-жер, өлкө үчүн бата кылышын жана ажылыктын шарттарын так аткарууну суранды.

Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылык сапары үчүн Кыргызстандан он аба каттам аткарылат жана анын жетөөсү Ош шаарынан учат. Быйыл кыргызстандык ажыларды ташый турган болгон Jazeera авиакомпаниясынын акыркы каттамы 21-июнда учуп барат.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген.

Быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп берген. Бул жылы ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG