Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Президент Жапаров жаңы Аскердик доктрина иштелип чыкканын билдирди


Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бишкек. 13-июнь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бишкек. 13-июнь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги жаңы Аскердик доктринасын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Садыр Жапаров маалымдап, аталган документти иштеп чыгууну жеке көзөмөлүнө алганын айтты.

Аскердик доктринанын мазмуну менен коргоо министринин орун басары - Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев тааныштырган соң, мамлекет башчы аны ишке ашырууну тапшырды.

Жыйында берилген маалыматка ылайык, жаңы Аскердик доктрина өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, коопсуздугу татыктуу деңгээлде камсыздалмакчы. Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган.

Президент Жапаров Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине кеңири токтолуп, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында бир катар заманбап курал-жарактар, аскердик техникалар алынганын белгиледи. Мунун баары коргонуу максатында гана жүзөгө ашып жатканын айтты.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз. Кандай гана чыр-чатак болбосун, анын алдын алууга жана дипломатиялык деңгээлде чечүүгө болот деп эсептейбиз. Ички жана тышкы саясатта ушул гана принципти карманабыз. Ошол эле учурда бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп, үйлөрүбүз жана башка инфраструктурабыз кыйрап, талкаланып жатса, ага жөн гана карап тура албайбыз. Кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз".

Садыр Жапаров акыркы убактарда жалпы дүйнө жүзүндө аскердик коопсуздук коркунучтары артып бара жатканын белгиледи. Ошондой эле эл аралык экстремисттик жана террордук уюмдардын коркунучу күч алганын кошумчалап, бул коркунучтар мамлекеттер аралык мамилелер жана аймактар аралык байланыштар системасында түзүлгөн карама-каршылыктар фонунда дагы күчтөнүп жатканын айтты.

Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Анын тутумуна Кургактагы аскерлер, Абадан коргоо күчтөрү, Улуттук гвардия кирет. Кыргызстанда президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы болуп саналат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG