Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Кулубаев: Аскердик доктринага тышкы агрессия түшүнүгүн киргизиш керек


Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна "тышкы агрессия" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

“Тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү биз көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл”, - деди Жээнбек Кулубаев.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында өтүп жатат. Жыйында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары боюнча маселе каралууда.

Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Садыр Жапаров Аскердик доктринанын жаңы долбоорун тезирээк иштеп чыгып, ишке киргизүү керек экенин айтты.

2021-2022-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш болуп эки тараптан тең ондогон адам каза болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG