Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Былтыр абактагы 381, быйыл жарым жылда 218 адамга ырайым берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда абакта отурган адамдарга ырайым берип, эркиндикке чыгаруу көрсөткүчү жогорулап жатат. Бул тууралуу бүгүн 13-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков билдирди:

“Ырайым берүү саны көбөйүп жатат. Анткени быйыл жарым жылда 218 соттолгонго ырайым берилди, а былтыр бир жыл ичинде 381 болгон”.

Садыковдун айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 702 материал каралып, соттолгон 218 адамга ырайым берилди. 2022-жылы жалпысынан бир жылда 805 материал каралып, 381 адамга ырайым берилип, 424 адамдын өтүнүчү четке кагылган.

Кыргызстандын колонияларында 6-7 миңдей адам бар экени, алардын эки жүздөйү аялдар, он чактысы өспүрүмдөр экени буга чейин кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG