Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

"Кемпир-Абад иши": Айыпталып жаткандардын кайрылуусу жарыяланды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Архивдик сүрөт.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад маселеси боюнча айыпталып жаткандар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө тобунун башчысы Улан Жапековго байланыштуу Башкы прокуратурага арызданышты. Алардын арызын 15-июнда адвокат Чынара Жакупбекова жарыялады.

Арызда айыптоо актысынын көчүрмөсү айыпталып жаткан адамга тапшырылганда ал документти колуна алгандыгы тууралуу гана тил кат жазып бериши керектиги, бирок Жапеков алардан маалыматты жарыялабоо тууралуу тил кат талап кылып жатканы айтылды. Мунун баары коюлган айыптар далилсиз экенин жаап-жашыруу максатында гана жасалып жатканы белгиленди.

Жапеков же ИИМ бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ошондой эле бүгүн президентке, Башкы прокуратуранын жана Жогорку соттун жетекчилерине, адам укугун коргоо уюмдарына да ачык кайрылуу жолдонду. Анда мурда болуп көрбөгөндөй процессуалдык укук бузуулар болуп жатканы айтылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Өзүлөрү бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG