Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Европарламент Украинаны НАТОго кабыл алуу жараянын баштоого чакырды


Европарламент НАТОну согуш аяктагандан кийин Украинаны альянска кабыл алуу процессин баштоого чакырды. 15-июнда Европарламент Украинаны колдогон резолюция кабыл алды.

Документке 425 депутат макул, 38и каршы, 42си калыс добуш берди.Бул тууралуу Европарламенттин сайтында маалымдалды.

Депутаттар “аяльнска кирүү жараяны согуш аяктагандан кийин башталып, мүмкүн болушунча тез бүтөт” деп күтүшүүдө. Документте коопсуздук кепилдиктеринин мөөнөтүн иштеп чыгуу үчүн Украина менен тыгыз иштешүү керектиги айтылат.

Резолюцияда Украинанын НАТОго да, Европа биримдигине да интеграциясы аймактык жана глобалдык коопсуздукту күчөтүп, байланыштарды бекемдей турганы белгиленет.

Украинанын НАТОго кошулуу ниетине Орусия кескин каршы болуп, Киевдин аракетин коркунуч катары эсептеп, бул нерсе Украинага басып кирүүгө себеп болгонун билдирген. НАТО болсо Орусиянын Түндүк Атлантика биримдигине киргендерге вето коюу укугу жок экенин белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG