Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Баткен: турак жайларды салган "Келечек ЛТД" компаниясынын өкүлү кармалды


Баткендеги чек ара чырынан кийин курулган үйлөр.  
Баткендеги чек ара чырынан кийин курулган үйлөр.  

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Баткен облусунда чек ара чырынан кийин турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча тергөө жүрүп жатканын 16-июнда билдирди. Маалыматта айтылгандай, Баткен шаарынын жашоочулары облустук милицияга арыз менен кайрылып, “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы 5 млн. 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгонун айтышкан.

Бул факты боюнча быйыл май айында облустук милициянын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н. шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш чаралар жүрүп жатканы кабарланды.

15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курган дагы бир компания - “Аманат Строй Инвест” ишкерлердин акчасын бербей жатканын билдирди. Ал курулуш компания ишкерлерден 19 млн. 680 миң сомдук курулуш материалдарды алып, акчасын ушул күнгө чейин бербей жатканын айткан.

Аталган компания парламентте көтөрүлгөн маселе тууралуу комментарий бере элек.

“Азаттыктын” ушул маселе боюнча 15-июнда иликтөөсүндө Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электиги айтылат.

Баткен облусунда былтыр чек ара каргашасында талкаланган 417 үйдүн ордуна жаңы 416 үй курулуп бүттү. Бул тууралуу 15-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылында калган бир үйдүн курулушу эки күн ичинде аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG