Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ЖМК: Орусия Украинадагы согушта 25 миңден ашык аскеринен айрылды


Украинанын Орусия басып алган Мариуполь шаарында пайда болгон көрүстөн. Июнь, 2022-жыл (Сүрөт: STRINGER/AFP)
Украинанын Орусия басып алган Мариуполь шаарында пайда болгон көрүстөн. Июнь, 2022-жыл (Сүрөт: STRINGER/AFP)

"Медиазона", Би-Би-Си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар Украинадагы согуш башталгандан тартып анда өлгөн орус аскерлеринин саны 25528 адамга жеткенин тастыкташты. Алардын ичинен 2 498 адам мобилизацияланып баргандар.

Журналисттер белгилешкендей, согушта набыт болгондордун басымдуу бөлүгү - жеке аскер компаниялары аркылуу согушка абактан тартылгандар. Алардын арасында Краснодар крайындагы, Свердлов, Челянбинск жана Волгоград облустарындагы, Башкырстан, Бурятиядагы абактардан келгендер көп өлгөн.

Тастыкталган жоготуулардын ичинде орус армиясынын жана башка куралдуу күчтөрдөн 2150 офицери бар. Алардын 251и подполковник жана андан жогорку аскердик чин ээлери болгон. Ошондой эле согушта 161 аскердик учкуч набыт болгону аныкталган.

Иликтөөчүлөрдүн эсебинде, орус армиясы кышында Бахмутка чабуул койгон учурда көп жоготууларга учураган болушу мүмкүн.

"Медиазона" менен Би-Би-Си Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтер, маркумдардын жакындарынын сөзүнө жана мүрзөлөрдөгү маалыматтардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн маалымдап, согуштагы жоготуулардын так саны алда канча көп болушу ыктымалдыгын билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык жазбайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарды да комментарийлебейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжолдуу 270-300 миң адам экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG