Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кыргызстан төрт айда буудайды былтыркыдан эки эсе көп импорттоду


Таластагы эгин талаасы. 2022-жылдын июль айы.
Таластагы эгин талаасы. 2022-жылдын июль айы.

Быйылкы жылдын январь- апрель айларында буудайдын импорту 2,1 эсеге же 144,7 миң тоннага чейин өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. Анын ичинен чет өлкөлөрдөн буудай сатып алууга кеткен акча 54 пайызга өстү, бул үчүн 22,9 млн. доллар жумшалган.

Өлкөлөр боюнча алганда жалпы көлөмдүн 97%дан ашыгы Орусиядан ташылып келген буудайга, 3 пайызы Казакстандан импортко туура келет.

Орточо алганда Орусиянын буудайынын бир тоннасы 154 доллар, ал эми Казакстандын буудайы 277 долларга бааланган.

Кыргызстан негизги азык-түлүктүн тогузунун үчөөнү гана өзү камсыздайт: картошка, сүт жана жашылча. Калгандарынын көбүн, анын ичинде буудайды дагы чет мамлекеттерден ташыйт.

Өлкө бир жылда миллион тоннадай буудай керектейт. Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн маалыматы боюнча Кыргызстан 2021-жылы 769 миң тонна буудай керектеген. Ошол жылы өлкө болгону 393 миң тонна өндүрдү. Башкача айтканда, өзүн-өзү 51,1% гана камсыздаган. Былтыр 2022-жылы буудай өндүрүү көрсөткүчү көтөрүлгөн, бирок, дагы деле болсо тыштан сатып алуу көп.

XS
SM
MD
LG