Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Украина Пятихаткини кайтарып алганын ырастады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун коргоо министринин орун басары Анна Маляр тастыктады.

Аталган кыштак украиндердин көзөмөлүнө өткөнүн 18-июнда Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов Телеграмга жазган. Орусиянын Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде "айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы" айтылган.

Украин аскерлери акыркы эки аптада Донецк облусундагы жети кыштакты орус армиясынан бошоткон.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG