Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

ӨКМ чек араны бөлүп турган Каркыра дарыясынын жээгин суу жеп, жайыт кыскарып жатканын билдирди


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана жергиликтүү бийлик өкүлөрү 15-июнда Ысык-Көл облeсундагы кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Каркыра дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жеринде талкуулашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

ӨКМ Каркыра дарыясынын суусу кыргыз тараптагы жээгин жеп, жайыттар кыскарып жатканын билдирди. Министр Ажикеев чек ара тилкелерин кыдырып чыгып, бекемдөө иштерин баштоо үчүн документ иштерин бүтүрүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Мекеме канча гектар жерди суу жеп кеткенин тактаган жок.

Ушундай эле маселе кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Чүй дарыясынын жээгинде дагы жаралган.

"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG