Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчынын Алматыдагы концерти болбой калды


Орусиялык ырчы Григорий Лепс.
Орусиялык ырчы Григорий Лепс.

Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчы Григорий Лепстин Алматыдагы концерти болбой калды. Концерттик аянтча менен камсыздаган Makao Luxury Village Resort компаниясы уюштуруучулар менен келишим бир тараптуу токтотулганын 19-июнда билдирди. "Азаттыктын" казак кызматы концерт Алматы облусунун Конаев шаарында июль айына белгиленгенин жазды.

Концерттин токтотулушуна социалдык тармактардагы талкуу себеп болгон. Көптөгөн казакстандыктар Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчынын келишине нааразылыгын билдиришкен. Конаев шаарында пландалган концерт жөнүндөгү кабар Лепс менен Николай Басковдун "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн танктарын талкалаган ар бир адамга бир миллион рубль" тапшыруу тууралуу билдирүүсү чыккан учурга туура келди. Социалдык тармактын колдонуучулары Лепстин Казакстанга келишине нааразылыгын билдирип, концертин токтотууну талап кылышкан.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин орус артистеринин концерт берген аймагы кыйла кыскарган. Бул айрыкча согушту ачык колдогондорго жана "Украина улуттук коопсуздукка коркунуч келтирди” деп жарыялагандарга тийүүдө.

Буга байланыштуу орусиялык ырчылары Борбор Азия өлкөлөрүнө бара башташты. Айрым активисттер алардын арасында Украинага баскынчылыгын жактагандар бар экенин айтып, алардын келишине каршылыгын билдирип чыгышкан. Буга чейин Лариса Долинанын, Полина Гагаринанын Казакстандагы концерттери, согушту колдогон актёр Сергей Глушко ойногон спектакль токтотулган.

Ошону менен катар 2022-жылы ноябрда Филипп Киркоров Алматы жана Астана шааарында концерт койгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG