Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Ташкентте көп кабаттуу үйдө лифт үзүлүп, 11 киши жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жүк ташуучу лифт үзүлүп, 11 киши жараат алды. Бул тууралуу 19-июнда Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык 18-июнда саат 16:15те Янгихаят районундагы көп кабаттуу үйдө болгон.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, адамдар түшүп бараткан лифт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам ылдамдыгын кескин тездетип, биринчи кабатка жеткенде автоматтык түрдө авариялык токтотуу системасы иштеп кеткен. Өз кезегинде бул адамдарды оор жаракаттардан сактап калган.

Кырсыктан улам 11 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Медициналык текшерүүдөн кийин алардын сегизи үйлөрүнө кое берилип, калганы дарыгерлердин көзөмөлүндө калган.

Учурда укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кырсыктын себептерин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG