Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын билдирди


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын кабарлады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар "коррупциялык схема түзүүгө" шек саналып жатат. Долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп турган К.Т.К 15-июнда "Ак-Жол автожол" өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалган. Долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу боюнча эксперттик комиссиянын катчысы болгон И.Б.М. 18-июнда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

Атайын кызмат алар жеке долбоорлорду өз кызыкчылыгы бар жерлерге киргизип турганын, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъектилерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнүп, эсептен чыгарылганын маалымдады.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалды.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттары комментарий бере элек.

УКМКнын маалыматындагы И.Б.М. деген инициал министрдин мурдагы орун басары Ибраимов Бексултан Мелисовичке, К.ТК. аттуу инициал аталган министрликтин Чүйдөгү башкармалыгынын башчысы Кадралиев Тойчубек Канаевичге туура келет.

УКМК 14-июнда "Кумтөр Голд" компаниясы бөлгөн акчадан 400 миллион сом туура эмес пайдаланылган деген шек менен "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" уюмунун жетекчилиги кармалганын билдирген.

"Фонддун жетекчиси Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, пайда көрүү жана баюу максатында 400 миллион сомдон ашуун каражатты жаратылышты коргоо боюнча ар кандай уюмдарга тийиштүү экспертиза жүргүзбөстөн бөлүп берип койгонун, ал акча жеке бизнес уюштурууга жумшалып кеткенин" кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG