Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

OCCRP: Путиндин достору санкцияларга карабай четтеги байлыгын сактап калган


Орусиянын президенти Владимир Путин Севастополдогу "Константиновская батарея" музей-көргөзмө комплексинде орусиялык олигарх Аркадий Ротенбергге "Крым көпүрөсүн куруудагы өзгөчө эмгеги үчүн" Орусиянын Баатыры наамын ыйгаргандан кийин. 18-март, 2020-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Севастополдогу "Константиновская батарея" музей-көргөзмө комплексинде орусиялык олигарх Аркадий Ротенбергге "Крым көпүрөсүн куруудагы өзгөчө эмгеги үчүн" Орусиянын Баатыры наамын ыйгаргандан кийин. 18-март, 2020-жыл.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" OCCRP жана IStories долбоору Орусиянын президенти Владимир Путиндин айланасындагылар эл аралык санкцияларды айланып өтүп, четтеги байлыктарын "ишенимдүү адамдар" аркылуу сактап калганын аныктады.

20-июнда жарыяланган "Роттенбергдердин архиви" деп аталган баяндамада иликтөөчүлөр өз бүтүмүн 50 миңден ашуун электрондук каттын жана документтин негизинде чыгарышканын белгилешкен.

2013-2020-жылдар аралыгында алмашылган каттар жана документтер көрсөткөндөй, Путиндин бала кезден берки достору Борис менен Аркадий Ротенбергдер компанияларды дүйнө жүзү боюнча "шахмат фигураларындай" эле ары-бери көчүрүп, ачып-жаап турушкан.

60тан ашуун журналист катышкан иликтөөнүн уюштуруучулары электрондук каттар алардын колуна кантип тийгенин ачыкташкан эмес.

"Ротенбергдин файлдары көрсөткөндөй, санкцияларга карабай Путиндин үй-бүлө мүчөлөрү жана анын жакындары чет жактагы эбегейсиз активдерин жөн гана сактап калбастан, чет өлкөлүк активдерге инвестиция кылышкан", - дейт IStories (Важные истории) маалымат каражатынын редактору Роман Анин.

IStories — орусиялык алдыңкы журналист-иликтөөчүлөр негиздеген коммерциялык эмес маалымат каражаты.

Орусиянын олигархтарына алгачкы санкцияларды Батыш мамлекеттери Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин салган. Орусия 2022-жылы Украинага толук кандуу согуш ачканы Евробиримдик 11 айлампа менен санкция киргизди. Анын алкагында 1541 адам жана 241 компания "кара тизмеге" кошулду.

Роттенбергдерге четтеги активдерин сактап калууга Европадагы "ишенимдүү адамдар" жардам бергени белгилүү болду.

Алардын бири Максим Викторов Британиянын падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү, ханзаада Майкл Жорж Чарльз Франклиндин бизнес өнөктөшү болгонун журналисттер аныктап чыгышты.

XS
SM
MD
LG