Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Төрөбаев: Жол курууга быйыл 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөт


Жол курууга техникаларды тапшыруу учуру. 21-июнь, 2023. Бишкек.
Жол курууга техникаларды тапшыруу учуру. 21-июнь, 2023. Бишкек.

Быйыл жол курууга бюджеттен 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 21-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоого бюджеттен тийиштүү каражат бөлүндү. Быйыл республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган.

"Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд. сомдон ашуун кражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт”, - деди ал.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жол тармагына 669 даана техника сатып алынган, анын алгачкы 84ү алып келинген. Алар заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр (тягачтар), битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалардан турат.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 7-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жол тармагы тууралуу маалымат берип, былтыр жол курууга 8,7 миллиарддан ашык сом жумшалганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган.

Парламентте буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын тууралуу сын-доомат айтылган. Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG