Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Түркмөнстанда тамеки чеккендер телеканал аркылуу кечирим сурашты


Жерде отуруп тамеги чегип жаткан түркмөнстандыктар. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз. Жаңылыкка иллюстрациялык сүрөт катары тиркелди.
Жерде отуруп тамеги чегип жаткан түркмөнстандыктар. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз. Жаңылыкка иллюстрациялык сүрөт катары тиркелди.

Түркмөнстанда тамеки чегүүгө каршы кампания күч алды. Полиция кальян чегүүгө шек саналгандардын үйлөрүн тинтип, тамеки чеккендерди жана саткандарды мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүп, кечирим суратып жатат. Алардын айрымдары өлкөгө тамеки алып келгени үчүн кечирим сураса, башкалары кальян чегип жаткан сүрөтүн социалдык тармакка койгону үчүн күнөөлүү экенин моюнуна алышкан.

Ашхабад Түркмөнстанды 2025-жылга чейин тамексиз мамлекетке айлантууну көздөөдө. Лебап облусунда насвай чеккендерге каршы өнөктүк башталды. Түркмөнстанда насвайды сатуу, чыгаруу жана колдонуу административдик кылмыш катары саналат.

Мыйзамды бузгандар 15 суткага чейин камалып кетиши ыктымал. Андан тышкары Борбор Азиядагы бул мамлекетте бардык жабык жайларда, коомдук транспортто чылым чегүүгө тыюу салынат. Ошондой эле сейилдөөчү жайларда, суу жээктеринде да тамеги чегүүгө болбойт.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2015-жылы Түркмөнстандагы алты миллиондон ашуун калктын 8% гана тамеки чегери аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG