Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат


Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптагы көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Эркечтам өткөрмө бекетинин Кытай тараптагы көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 22-июнда, бир күнгө Кытайдагы улуттук майрамга байланыштуу жабылып, 23-июнда кайрадан ишин улантат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги кыймылга пандемия учурунда чектөөлөр киргизилген. Расмий маалыматка караганда, анын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен көп өлчөмдө азайган. Чек арадан өткөн жүк ташуучу машинелердин саны 10 эсе кыскарган.

Быйыл жыл башынан тартып Кытайдын бийлиги кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйткөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG