Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Күрд тектүү саясий туткун Иранда өлүм жазасына тартылганы кабарланды


Күрд саясий туткуну, Ирандын түрмөсүндө өлүм жазасына тартылганы кабарланган Хейман Мостафаи. Сүрөттөр качан жана кайда тартылганы белгисиз.
Күрд саясий туткуну, Ирандын түрмөсүндө өлүм жазасына тартылганы кабарланган Хейман Мостафаи. Сүрөттөр качан жана кайда тартылганы белгисиз.

Укук коргоо уюмдары билдиргендей, күрд тектүү саясий туткун Хейман Мостафаи 21-июнда Ирандын батышындагы Санандаж түрмөсүндө өлүм жазасына тартылды.

Бул тууралуу социалдык тармактарга Hengaw укук коргоо тобу жана Ирандын эркин жумушчулар союзу билдирди. Ислам республикасынын сот системасы бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Маалыматка караганда, 20-июндун кечинде түрмөнүн жанында 34 жаштагы Моставаини дарга асууга каршы ондогон адам чогулган.

Хаймана Мостафаи 2012-жылы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлүн өлтүргөн деп айыпталууда. Ал 2013-жылдан бери түрмөдө отурган. Аны кыйноо менен күнөөсүн моюнуна алдырышканы маалымдалууда.

Соңку айларда Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны өсүп жатат. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 19-июнда бул көрүнүшкө тынчсыздануусун билдирди.

«Мен Иранда өлүм жазасына тартылгандардын өсүшү жана аялдар менен кыздардын дискриманцияланышына тынчсызданып жатам», - деди Түрк.

Укук коргоо уюмдары билдиргендей, соңку алты ай ичинде Иранда жүздөгөн адамдар дарга асылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG