Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

АКШ Украинаны калыбына келтирүүгө кошумча 1,3 млрд. доллар бөлөт


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинаны калыбына келтирүү боюнча эл аралык жыйында сүйлөп жатат. Лондон. 21-июнь, 2023-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинаны калыбына келтирүү боюнча эл аралык жыйында сүйлөп жатат. Лондон. 21-июнь, 2023-жыл.

Кошмо Штаттар Украинаны калыбына келтирүүгө кошумча 1,3 млрд. доллар бөлөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 21-июнда украин экономикасын калыбына келтирүүгө багытталган Лондондогу эл аралык конференциянын ачылышында билдирди.

Вашингтон берген каражаттын басымдуу бөлүгү энергетикалык системаны жана абдан маанилүү инфратүзүмдөрдү оңдоп-түздөөгө каралган. Блинкен кошумчалагандай, 520 млн. доллар энерготармакты жаңылоого жумшалат.

Блинкен согуштан кийинки Украинага инвестицияларды тартуу үчүн «күчтүү экономика жана күчтүү демократия» зарыл экенин билдирди.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевдин реформалар жаатында жетишкендиктерин белгилеп, Евробиримдик Украинага 2024-2027-жылдарга 50 миллиард евро берерин кошумчалады. Андан тышкары Германия өз алдынча 381 миллион долларга гуманитардык жардам көрсөтөрүн билдирсе, Франция 40 миллион доллар бөлөрү маалым болду.

Конференцияга онлайн катышкан Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштун айынан өлкө экономикасы 29% төмөндөгөнүн билдирди. Ал Украинага бир гана убадалар эмес, так аракеттер керек экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG