Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Штайнмайер орус-украин согушунун Борбор Азия жана Европага таасири тууралуу айтты


Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 22-июнь, 2023-жыл. Бишкек.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 22-июнь, 2023-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында тосуп алды. Эки өлкө башчылары алгач тар чөйрөдө жолугушту.

Президент Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи.

"Биздин өлкөдө сизди Кыргызстандын досу, белгилүү саясатчы жана Борбор Азия боюнча дасыккан, тажрыйбалуу эксперт катары таанышат. Буга чейин сиз тышкы иштер министри катары бир нече жолу келгенсиз. Бул жолу Германиянын президенти катары келип отурасыз. Биз муну Германиянын Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгынын жакшы бир белгиси катары кабыл алабыз", - деди мамлекет башчы.

Өз кезегинде Штайнмайер дүйнөдөгү кырдаалга карап, сүйлөшүүлөрдүн басымдуу бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага тийгизген таасири туурасында болорун белгиледи.

"Мен жети жыл мурда келгенде дүйнө башкача болчу. Анда Европада тынчтык болот жана сакталат деген үмүт бар болчу. Бирок Орусия Украинага агрессивдүү согуш ачкандан кийин бардыгы өзгөрдү. Азыркы сапарда сүйлөшүүлөрүбүздүн көп бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага, анын ичинде Германияга таасири туурасында болот деп ойлоп жатам", - Франк-Вальтер Штайнмайер.

Сапар алкагында саламаттык сактоо, айыл чарба, гидроэнергетика жана экология, билим берүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууга келишим түзүлөрү күтүлүүдө. Учурда делегациялардын кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү жабык эшик артында өтүп жатат.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен 21-июнда келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 21-июндун кечинде тосуп алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG