Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:51

Райондук сот Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык кароого киришти


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бири - Улукбек Маматаев (солдо) ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бири - Улукбек Маматаев (солдо) ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.

Биринчи Май райондук сотунда жараян өтүүчү залга бардык айыпталуучулар: абактагылар да, үй камагында жүргөндөр да киргизилди. Адвокаттар кирген соң, эшик жабылды. Журналисттер жана айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Сотто жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, алдын ала угуу башталганга чейин абактан алып келингендер Кыргызстандын гимнин ырдашты.

Сот башталгандан кийин айыпталуучулардын айрымдарын: Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кубанычбек Кадыров, Марат Баязовду залдан бөлүп чыгарып кетишти.

Мунун себеби тууралуу маалымат бериле элек.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөрүлгөнү 19-июнга маалым болду.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG