Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

ӨКМ: Алайда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Алай районунун Белеков айыл өкмөтү. 23-июнь, 2023. Сүрөт ӨКМден алынды.
Алай районунун Белеков айыл өкмөтү. 23-июнь, 2023. Сүрөт ӨКМден алынды.

Селге байланыштуу Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨМК) билдирди.

21-июнь күнү кечке жуук аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын, үч социалдык объектинин (бир мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум-шагыл аралаш сел суулары каптаган. Бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон – Терек ички чарбалык жолунун 7-чакырымында үч тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

23-июнда саат 07:30да селдин кесепеттерин жоюуга райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды.

ӨКМ 20-22-июнь күндөрү нөшөрдөн улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү, дарыяларда суу көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.

21-июнда Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG