Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкциялары күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 11-айлампасы күчүнө кирди. 23-июнда Еврокеңештин сайтында бул жолку кабыл алынган чектөөлөрдүн кеңири тизмеси жарыяланды.

"Кара тизмеге" Орусияны колдогон 87 компания, анын ичинде Москвага дрондорду жеткирген төрт ирандык ишкана да кирген. Андан тышкары, Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардамдашкан Армения, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Өзбекстандын компаниялары да чектөөгө кабылган.

Жаңы санкциялар эки багытта колдонулчу товарларды Орусияга үчүнчү мамлекеттер аркылуу экспорттолушун чектей турган чараларды көрүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле Орусияга электр тогу менен иштеген жана гибриддик машинелерди, люкс классындагы жаңы жана айдалган автоунааларды, оптикалык компоненттерди, навигациялык аппараттарды, электрокомпоненттерди жана айрым металлдарды экспорттоого тыюу салат.

23-июнда "Азаттык" радиосу кыргыз жана казак компаниялары санкцияга кабылган эки багытта колдонулчу технологияларды Кремлдин согуштук машинесин жабдыган ишканаларга кантип ташып турганын тууралуу иликтөө жарык көргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG