Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Орусияда "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш иши козголду


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин орус журналисттери менен жолугушуп жаткан учур. 6-июнь, 2023-жыл.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин орус журналисттери менен жолугушуп жаткан учур. 6-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын Федералдык коопсуздук комитети “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу 24-июнга караган түнү Орусиянын Башкы прокуратурасы маалымат таратты.

23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан.

Ага чейин, 22-июнда Пригожин өзүнүн Телеграм каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген. Бул үчүн орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.

Евгений Пригожин Коргоо министрлигинин жетекчилигинен өч алууну убада кылды.

“Бул аскердик төңкөрүш эмес, акыйкаттык маршы”, - деген Пригожиндикине окшош үн орусиялыктарды, анын ичинде аскерлерди “Вагнердин” катарына кошулууга чакырган.

24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Владимир Алексеев жана аскер башчыларынын бири Сергей Суровокиндин билдирүүсү жарыяланып, алар “Вагнердин” жасалма аскерлерин армияга каршы чыкпоого жана өз позицияларына кайтууга үндөштү.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин соңку кырдаалдан кабары бар экенин жана керектүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Орус маалымат каражаттары учурда Москва жана башка аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жазууда.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Аны орус президенти Владимир Путинге жакын ишкер Евгений Пригожин түзгөнү айтылып келет. Анын жалданма аскерлери Сирияда жана Африка өлкөлөрүндөгү аскердик аракеттерге катышып келсе, Орусия Украинага кол салганы ачыкка чыгып, орус армиясына көмөк көрсөткөн.

“Вагнердин” катарында жалданма аскерлер менен катар орус түрмөлөрүндө жаза өтөгөн оор кылмыш үчүн соттолгондор бар.

“Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Соңку мезгилде Пригожин ачык билдирүүлөрдү жасап, орус Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен тирешип жатканы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG