Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

"Вагнердин" жалданма аскерлери Ростовдон чыгып кете баштаганы кабарланды


24-июнда Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскердик округунун штабынын аймагын ээлеп алган "Вагнердин" жалданма аскерлери ошол күнү кечинде шаардан чыгып кете баштады. Бул тууралуу маалымат каражаттарынын кабарчылары окуя болгон жерден кабарлап жатышат. Шаардын борборуна чогулган тургундар жалданма аскерлерди кыйкырык-сүрөөн менен коштогону кабарланды. Ишемби күнү эртең менен жергиликтүү цирктин дарбазасына тыгылып калган Т-90 танкы да чыгып кетти.

"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин дагы чыгып кеткен. Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков макулдашууга ылайык, ал Беларуска барарын билдирген. Пригожин өзү бул тууралуу комментарий бере элек.

Жалданма аскерлер Пригожиндин "акыйкаттык маршы" жыйынтыкталганы жана талаа лагерлерине кайтуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Ростовдон чыгып кете башташкан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен жалданма отрядынын "куралдуу козголоңун" токтотуу боюнча келишим болгонун ырастаган. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө "Пригожин менен 20 жылдан ашуун убактан бери жеке тааныштыгы бар" беларус лидери Александр Лукашенко катышкан. "Куралдуу козголоң" боюнча кылмыш иши эмненин негизинде жабыларын Песков айткан эмес.

Буга чейин “Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алганы кабарланып жаткан. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирген. Күн бою Ростов тарапка "Ахмат" отряды баратканы кабарланып, бирок алар белгиленген жерге жетишкен эмес.

Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG