Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Инфекциялык ооруканага кайрылгандар көбөйүүдө


Инфекциялык оорукана. Архивдик сүрөт.
Инфекциялык оорукана. Архивдик сүрөт.

Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылгандар да, жаткырылгандар да көбөйүп жатканын бүгүн, 26-июнда “Азаттык” радиосуна оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын көбү ашказан-ичеги органдарынын энтеровирустук инфекциясы менен кайрылгандар:

“Мурда күнүнө 200-250нүн тегерегинде кайрылгандар болсо, бүгүнкү күндө 300дөн ашууда. Ооруканага жаткырылгандар мурда күнүнө 70-80 бейтап болсо, азыр 100дөн ашып жатат. Негизинен жаш балдар”.

Алиев ашказан-ичеги инфекциясы менен кайрылгандар адатта жаздын аягы, жайдан башы менен ушинтип көбөйүп турарын, бейтап көп болгондуктан айрымдары убактылуу коридорго жайгаштырылып жатканын, баарын дарылоого шарт жана мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин кошумчалады.

Жетекчинин айтымында, кызылча (корь) менен кайрылгандар да бар, бирок алар боюнча чукул өзгөрүү жок. Мындан тышкары көк жөтөл, менингит, дем алуу органдарынын вирустук оорусу менен ооруган бейтаптар да катталууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG