Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Орусиялык ырчы нааразылыктан улам Ташкентте концерт койбой турган болду


Григорий Лепс
Григорий Лепс

Орусиялык ырчы, Украинадагы согушту колдогон Григорий Лепстин Өзбекстанда пландалган концерти өтпөй турган болду. Буга өзбекстандыктардын социалдык желедеги нааразылыгы себеп экени божомолдонууда.

Лепс быйыл 23-октябрда Ташкентте концерт коймок. Активисттер Телеграмда #LepsKerakmas (Лепс керек эмес) хэштеги менен нааразылык өнөктүгүн башташкан. Бул каршылык акциясынын артынан Iticket.uz сайтынан Лепстин концертинин жарыясы алып салынды.

Мындан тышкары, кремлчил ырчы Ирина Дубцованын да Ташкентте өткөрүүнү пландаган концерти токтотулганы маалым болду.

Орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков бир нече апта мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын билдиришкен. Андан кийин Лепстин Казакстандагы концерти токтотулган.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин орус артисттеринин концерт берген аймагы кыйла кыскарган. Бул айрыкча согушту ачык колдогондорго жана "Украина улуттук коопсуздукка коркунуч келтирди” деп жарыялагандарга тийүүдө.

XS
SM
MD
LG