Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

"Талибандын" башчысы Ооганстанда аялдар "бакубат жашап жатканын" айтты


Ооган аялдары гуманитардык жардам алып жаткан учур. Герат, 21-июнь, 2023-жыл.
Ооган аялдары гуманитардык жардам алып жаткан учур. Герат, 21-июнь, 2023-жыл.

"Талибандын" улук лидери Хибатулла Ахунзада анын өкмөтү Ооганстанда аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көргөнүн билдирди. Бул кайрылуу өлкөдө талибдер бийликке келгени кыз-келиндердин эркиндиги кескин чектелип, эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, эл аралык уюмдар ишин токтотуп жаткан чакта жасалды.

Ооганстанда жана башка ислам өлкөлөрүндө ушул жуманын ортосунда белгилене турган Курман айт майрамынын алдында жарыяланган билдирүү араб, дари, англис, пушту жана урду тилдеринде таратылды.

2021-жылы Ооганстанда эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин августта өкмөт башына келген "Талибан" кыймылынын бийлигин эл аралык коомчулук тааныган эмес. Андан бери кыздардын билим алуусуна чектөөлөр киргизилип, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарды аялдардын иштешине тыюу салынды. Мындан улам айрым эл аралык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токотууда.

"Талибан" көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Ахунзада башка өлкөлөрдү Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүсүн токтотууга чакырды. Ал Талибан өкмөтү дүйнө менен, өзгөчө ислам өлкөлөрү менен жакшы саясий жана экономикалык карым-катнаштарды каалай турганын жана бул жаатта өз жоопкерчилигин аткарганын белгиледи.

Ахунзаданын билдирүүсүндө Израилдин палестиналыктарга каршы аракети айыпталып, Судан элин жана өкмөтүн биримдикке үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG