Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

"Керемет банк" иши: Бөкөнтаев инвестициялык жоготуудан 4,4 млрд. сом зыян келтирилгенин билдирди


“Керемет Банктын” кеңсеси.
“Керемет Банктын” кеңсеси.

Улуттук банк "Керемет банк" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кызматтык иликтөө жүргүзүп, 4,4 млрд. сом зыян келтирилгенин аныктады.

Бул маалыматты башкы банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев 26-июнда, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кызматтык иликтөө 2022-жылы "Росинбанктын" жана "Керемет банктын" иши боюнча жүргүзүлгөн.

Башкы прокуратура 2022-жылдын декабрь айынын башында “Керемет Банктын” (мурдагы “Росинбанк”) айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Буга Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Мекеме “Керемет Банктын” кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. сомдон ашуун каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салганын билдирген. Натыйжада өлкө казынасына мындай операциядан 4,5 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген.

Быйыл 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Керемет Банктын” иши боюнча Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Жеңишти жана башкармалыктын мурдагы мүчөсү Нурланбек Садыковду Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирине 1 млн. сомдон айып пул салган.

Бул ишке айыпталган Улуттук банктын мындан башка мурдагы кызматкерлеринин бөгөт чарасы өзгөртүлүп камактан чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирген.

Банктын акцияларынын 97,45% 2018-жылдан бери Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыялоо программасын да жүргүзө баштаган.

“Керемет Банк” мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия Универсал Банктын” негизинде түзүлгөн.

Бакиевдин бийлиги кулаган соң "Азия Универсал Банкы" "Росинбанк" деген аталыш менен иштеп, 2019-жылы Улуттук банктын чечими менен "Керемет Банк" болуп түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG